Мен бир тууган бөлөмдү жакшы көрөм. Бөлөмө үйлөнсөм болобу?
// //
Мен бир тууган бөлөмдү жакшы көрөм. Бөлөмө үйлөнсөм болобу?
Мээрим Курманалиева
Дарыгер-генетик
Окурман, туугандардын бири-бирине баш кошпой эхле койгону туура. Анткени, кадимки үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдарынын майып төрөлүү тобокелчилиги жогору. Келечекте балдарыңыздын ден-соолугуна терс таасири тийээрине 25 пайыз коркунуч бар. Мисалы, төрт баланын бирөөсү майып болуп төрөлүшү мүмкүн. Алсак, ата-энелери бир тууган болгон күндө деле, алардын ата-бабалары бир. Чоң апасында же чоң атасында рецессивдик ооруну алып жүргөн ген бар болсо ал кийинки тукумдарына берилет. Рецессивдүү ген аркылуу берилген оорулар абдан көп, эң жаманы бала майып же өлүк төрөлүп калышы мүмкүн.