// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Уйкучулдуктан кантип арылам?

Ашыкча уйкучумун. Себеби эмнеде? 

Эксперттин жообу
25.12.2018, 14:34

Гүлсана Бапаева

терапевт

Сиздин кан басымыңыз же гемоглабиниңиз төмөн. Ошол себептен көп уктай бересиз. Андыктан анализ тапшырып, кан басым менен гемоглабинди жогорулатуучу дары-дармектерди колдонуңуз.

Үйдөн кофе ичип, шоколад жеп жана да күчтүү тамактаныңыз. Андан тышкары гимнастика жасап, эртең менен чуркап турсаңыз  жардамын берет.

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
25.12.2018, 14:35

Каныша Кожогелдиева

психолог

Урматтуу окурман сизге биринчиден эрк керек. Качан гана сиз ичиңиздеги эркти ойготуп, алдыга план коюп ошону аткара баштаганда, уйкучулукту жеңе аласыз.

Адамдын психологиясы өтө назик болгондуктан аны башкарып кетүү мүмкүн. Ал эми башкаруу ар бир адамдын өзүнөн гана көз каранды. 

Мисалы сиз эртең саат 7:00до турам деп план коюп алыңыз да аны аткарыңыз. Башында кыйналасыз, убакыттын өтүшү менен бул сизге адат болуп калыптанат. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт