Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Төрөттөн кийин кантип калыбыма келсем болот?

Саламатсызбы! Төрөттөн кийин спорт менен машыксам, эмизгениме терс таасирин тийгизбейби? Кантип мурунку калыпка келсе болот? Скакалка менен секирсем сүтүм азайбайбы? Кызыма 6 ай болуп калды. 

 

Эксперттин жообу
А
Аноним
24.12.2018, 12:04

Гүлзина Мадраимова

акушер-гинеколог

Төрөтүңүз жеңил өтүп, ден соолугуңуз жакшы болсо, Эки жумадан кийин эле калыпка келтирүүчү гимнастиканы жасай баштасаңыз болот. Көнүгүүлөрдү жасаардан мурун өзүңүздүн акыбалыңызга көңүл буруңуз. Эгер маанайыңыз жок болуп шалдырап турсаңыз жатып эс алганыңар оң. Ошондой эле, дене табыңыз көтөрүлүп турганда же этек кири келип жатканда спорт менен машыкканга болбойт. 

Эгер операция жолу менен төрөсөңүз, 4-6 айдан кийин гинекологдун кароосунан жана УЗИден өтүп, дарыгер уруксат бергенден кийин машыгууну баштаңыз.   

Гимнастика жасоо боюнча кеңештер:

  • Баланы эмизип бүткөндөн кийин эки сааттын ичинде көнүгүүлөрдү жасагыла.
  • Ыңгайлуу бюстгальтер тандагыла
  • Көнүгүүлөр өтө оор эмес болушу керек
  • Аз-аздан бирок күнүгө жасагыла 
  • Бир күндө бардыгын жасап салууга умтулбагыла
  • Сүт азайып кетпеши үчүн суюктукту көбүрөөк ичкиле, себеби тер менен көп суюктук жоготуп коесуз. 


 


Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт