// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жактырбаган жигит менен кошулуп койдум

Мен кыздыгыман ажырап калдым. Болгондо да өзүм жактырбаган жигит менен болуп кетти. Ал экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Ал башка, мен башка жол менен кеттик. Болгону менин тынчымды алган нерсе бул жөнүндө жакын курбуман башка эч ким билбейт. Ата-энем, туугандарым мени эң мыкты кыз деп ойлошот, менден үмүттөрү чоң. Бул болгон окуяны апама, эжекелериме айтканым туура болобу же ичтеги сыр бойдон калтырганым оңбу?

Эксперттин жообу
20.02.2018, 10:10

Тамара Воронцова

Психолог

 

Кымбаттуум, жашыңызды жазбаганыңыз өкүнүчтүү экен. Себеби 15 жашта башка, 30 жашта башка кеңеш берилет. Окуяңыз бүткөн нерсе экен, муну кабыл алыңыз. Эсиңизден чыгарбаңыз, моралдык жактан кандай болсоңуз ошол бойдон калдыңыз, жаман болуп кеткен жоксуз. Жаш жигиттен жоопкерчилик алынбайт, бизде эркектер жаш кезинен кылган иш-аракетине жооп берүүгө үйрөнүшкөн эмес. Өткөн иш-аракеттер боюнча көп ойлоно бербеңиз, себеби кийин өзүңүзгө жооп берүү кыйын болуп калат. Жашоодо дагы түрдүү абалдар болот. Курбуларыңызга дагы айтуунун кереги жок. Бүгүн дос болгон адамыңыз, эртең сатып кетиши мүмкүн. Же болбосо курбуң билген нерсени баары билет дегендей. Досуңуз андай эмес экенине ишенгим келет, бирок 5-10 жылдан кийин сырыңыз барына белгилүү болуп калышы же болбосо экөөңүз тең бир жигитти жактырып калсаңыздар, ал баарын ага айтып коюшу мүмкүн. Баарынан жакшысы апаңызга айтканыңыз туура болмок. Бирок айрым учурларда эне менен кыздын ортосунда аралык ушунчалык чоң болуп, айыптан башка эч нерсе уга албай каласыз. Эгерде сизде ушундай болсо, эч кимге айтпай, сырды өз ичиңизде сактаганыңыз оң. Кийинки жашооңуз кандай болоору туралуу психолог менен бирге иш алып барганыңыз туура болот. Эң негизгиси сиз бакытка татыктуу эмесмин деп эч ойлобоңуз. Эркектер кыздык белгини үйлөнгөндөн кийин бир күн баалашы мүмкүн, кийин ичип, иштебей, ур-соккугуа алышы да мүмкүн. Биз эмнеге ал белгини сактайбыз, эркектер дагы сакташ керек. Расмий эмес мамиледен кийин кыздардын көбүндө кайгы-капа, басмырлоо болуп, келечек жашоосуна терс таасирин берет. Үй-бүлөлүк жашоо үчүн сиз көп нерсени окуп билишиңиз керек. Мамиле куруунун дипломатиялык жолу, конфликтерди чечүү жолу жана башка дегендей. Азыр сиз бул кокусту кайра кайталабаңыз. Сизде баары жакшы болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт