Мен 11-класста окуйм. Өндүрүш тармагындагы инженер-технологдун окуусуна тапшыргым келет. ЖРТдан кайсы сабакты тандашым керек?
// //
Мен 11-класста окуйм. Өндүрүш тармагындагы инженер-технологдун окуусуна тапшыргым келет. ЖРТдан кайсы сабакты тандашым керек?
Мирлан Чыныбаев
Кыргыз Мамлекеттик Техника Университетинин Окуу иштери боюнча проректор
Саламатсызбы окурман, Сиз тандаган кесипке учурда суроо-талап жогору. Биздин университетте бир нече факультет ар кайсы тармактардагы инженер технологдорду даярдашат. Алар Химия жана химиялык технологиялар кафедрасы, Тамак-аш инженерия кафедрасы, Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы кафедрасы ж.б. бар. Кошумча маалыматты kg.kstu.kg сайтынан алсаңар болот.
ЖРТдан кошумча сабак катары химия сабагын тандоо керек.
Ийгилик каалайм!