Кичинемден бери инженер же астрофизик болууну каалайм. Ал үчүн канча жыл окуп жана кайсы университетке тапшырышым керек?
// //
Кичинемден бери инженер же астрофизик болууну каалайм. Ал үчүн канча жыл окуп жана кайсы университетке тапшырышым керек?
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы:
Урматтуу окурман, кыялыңа сөзсүз жетесиң деп ишенебиз. Ал үчүн тынбай аракет кылып, жакшы оку!
Астрофизик - сейрек кездешүүчү кесип. Тилекке каршы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бул адистик боюнча бөлүмдөр жок, окутулбайт.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутттук университетинин "Физика" факультети бул тармакка бир аз жакындап кетет. Кааласаң ошол жакка же мүмкүнчүлүгүң бар болсо, чет өлкөлөрдүн окуу жайларына тапшырсаң болот.
Ийгилик!