Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Уят түштөр кирет

 

Мага кеңеш керек. Мен жакында 17ге чыгам. Эки күндүн биринде эле мен эркек бала болсом да, мен эркек киши менен жаткан түштөр кирип турат. Эң башкысы ал түш мага да жагат. Эртеси түш киргенде жынысымдан сперматазоит бөлүнүп чыкканын байкайм. Муну кандай түшүнсө болот? Же мага эркек жаккан үчүн ушундай түштөр кирип жатабы?

Эксперттин жообу
20.02.2018, 10:11

Кадыр Маликов 

Теолог

 

Адамдарга түрдүү түштөр кирет. Шарият боюнча мындай түштөн кийин толук денени тазалап даарат алып, куран же дуба окуу сунушталат. Мындай жаман түштөр шайтандын митаамдыгы, азгырыгы. Сиз кабатыр болбоңуз. Көп ойлоно бербеңиз. Зикир чалып, дуба кылып, коргонушуңуз керек. Исламда бир жыныстагы адамдар мамилеси арам болуп саналат. Кийин сизге кимдир бирөөлөр бул сенин орентацияң башка экенинен кабар берет десе ишенбеңиз. Бул чоң күнөө. Сиз өзүңүзгө кирип, коркуп кетпей, дуба кылып, сексопотлогго же психологго барып кеңеш алып коюңуз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт