“Түркия стипендиясы” окуу программасына кантип тапшырам? Жардам берип коюңузчу.
// //
“Түркия стипендиясы” окуу программасына кантип тапшырам? Жардам берип коюңузчу.
Айжамал Бейшеналы кызы
Гази университетинин “Güzel Sanatlar” институтунун магистранты
“Түркия стипендиясы” - бул Түркияга келе турчу студенттин бардык чыгымдарын төлөп, шарттарын түзүп берчү окуу программа.
Бул программа боюнча окууга өтүүнү кааласаң, алгач https://www.turkiyeburslari.gov.tr/ шилтемесине кирип ал жердеги бүт маалыматтарды окуп чык.
Андан соң сайтка кирип өзүң жөнүндө маалыматтарды толук, так жана туура толтуруп, каттал. Биринчи катталганың өздүк баракчаң катары сакталып калат.
Сөзсүз профилге сүрөт кой. Паспортту, аттестатты, дипломду, мектепте же ЖОЖдо окуп жатканыңды тастыктоочу жана бааларың түшүрүлгөн документтерди, сен жөнүндөгү мүнөздөмөлөрдү, коомдук иштерде же курстарда алган ар бир сертификатты, грамоталар жана албетте мотивациялык катыңды PDF түрүндө жүктөшүң керек.
Түркия стипендиясы менен келген студенттердин биринчи жана бүтүп кетип жаткан акыркы жылынын учак билети бекер.
“Түркия стипендиялары” программасынын айлык стипендиясы:
Сага ийгилик каалайм!