// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Германияга 1 жылга иштеп келсем болобу? Адис жооп берет

Саламатсызбы? Bilesinbi.kg сайтына чоң рахмат, көп кеңештерди алып жатам. Азыркы суроом:  Германияга 1жылга иштеп келейин деп жаткам. Ал үчүн кандай аракеттерди кылсам болот? Кимге кайрылышым керек?

Эксперттин жообу
20.12.2018, 13:08

Гүлжигитов Курсант

Аба-Тур Групп агенттигинин директору

Саламатсызбы урматтуу окурман! Германияга программа боюнча барып бир жыл иштеп келсе болот. Айлык акысы саатына 9-9.5 евро. Иш күнү 8 саат.

Шарттары мындай:

  • 3-4 курстун студенти болуш керек
  • Немец тилин билүү деңгээли В-1 (б.а. оозеки тилди жакшы түшүнүү)
  • Экономика, менеджмент, отель-ресторан бизнеси, туризм тармагында окугандарга жумуш тезирээк табылат.

Канжа каражат керек:

  • Агенттиктин кызматына – 25 000 сомдон жогору
  • Авия билет бир тарапка – 300 доллардан жогору
  • Виза – 75 евро
  • Медициналык камсыздандыруу (страховка) – 70-140 евро.

Кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча же телефон номерлерге чалып билип алсаңар болот:

Табышалиева 11- офис 10

0709 975311

0779 975311

0559 975311

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт