Саламатсызбы! Бир балага канча сом алимент төлөнөт? Рахмат!
// //
Саламатсызбы! Бир балага канча сом алимент төлөнөт? Рахмат!
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 86-беренесинин, 1-пунктунун негизинде алимент бир балага ата-эненин иштеп тапканынын жана дагы башка кирешесинин төрттөн бири берилет. Мисалы, алган айлыгы 10 000 сом болсо, 2500 сомун алимент катары төлөөгө милдеттүү. Ал эми, алимент төлөөчү адам жумушсуз болсо, жашаган аймагындагы орточо эмгек акынын төрттөн бир бөлүгүн сот аткаруучу өндүрүп берет.