Саламатсызбы! 4 - курстун студентимин, бюджетте окуйм. Окуумду бүткөндөн кийин, диплом алыш үчүн 3 жыл мамлекеттик мектепке иштеп беришим керек. Сурайын дегеним, окуумду чет жакта улантып, кийин келип иштеп берсем болобу?
// //

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Урматтуу студент! Мамлекеттик окуу жайлардын бюджет бөлүмүндө окугандар кийин сөзсүз түрдө, мамлекеттик мекемелерге иштеп берүүгө тийиш. Бул суроо менен окуу жайыңыздын юристине же жетекчилигине кайрылып көрүңүз. Кээ бир университеттер билим алуу акысын бөлүп төлөө боюнча келишим түзүшөт. Толук төлөп бүткөндөн кийин диплом берилет. Ошондой учурларда иштеп берүүнүн зарылчылыгы жок болуп калат.