Мен курсташ кызды жактырып калдым. Чындыгында аябай сулуу эмес, бирок жакшы окуйт. Эмнегедир ички дүйнөм жактырып жатат. Эмне кылсам болот?
// //
Мен курсташ кызды жактырып калдым. Чындыгында аябай сулуу эмес, бирок жакшы окуйт. Эмнегедир ички дүйнөм жактырып жатат. Эмне кылсам болот?
Гүлмира Молдокулова
Психолог
Урматтуу окурман, курсташ кызыңды жактырып калганыңды мамилең менен билдирсең болот.
Өзүңдүн мырзалык сапаттарыңды: кызды үйүнө чейин узатып, ыңгайы келсе анын сумкасын көтөрүп, башка тийишкен балдардан коруп (албетте, мушташуу жолу менен эмес) сезимдериң тууралуу билдирсең болот. Ушинтип ал кызга сен өзгөчө мамиле кылып жатканыңды билдиресиң. Биринчиден, ага кам көр, кыздардын көбү бул нерсени жактырышат. Экинчиден, ал кыз менен сүйлөшүү учурунда ага жаккан темаларды козгоп, ички дүйнөсүн билгенге аракет кылып, анын ойлору, максаты кандай экенин бил. Үчүнчүдөн, чогуу сейилдөөгө чакырсаң болот, ага өзгөчө бир нерселерди үйрөткөнгө, көргөзгөнгө аракет жаса. Мисалы, велосипед, роллик, лыжа, коньки тепкенди үйрөтүп же зоопаркка алып бар. Көп учурда чогуу болгондо эки адам бири-бирине жакындашат. Анда-санда кичинекей белектерди берип турсаң болот. Мисалга, жөнөкөй эле гүлдөн кичинекей букет кылып. Мындай мамиледен улам ал кыз сенин сезимиң бар экенин түшүнөт.
Жогорудагы сунуштарды аткарып анан жакшы көрөрүңдү нейтралдуу формада билдир, мисалы: “сен мага жагасың, сени менен мага убакыт өткөргөн кызыктуу, сени көпкө көрбөй калсам бир нерсени жоготкондой болом, улам-улам эсиме келип турасың” деп. Анан албетте кыз тарапта сага болгон сезим ойгонсо, жакшы жооп аласың.