Жашым 21де, кыз баламын. Немец тилин окуймун. Бирок, милицияда иштегим келет. Кантип ишке кирсем болот?
// //
Жашым 21де, кыз баламын. Немец тилин окуймун. Бирок, милицияда иштегим келет. Кантип ишке кирсем болот?
Карима Аманкулова
ИИМ пресс кызматынын жетекчисинин орун басары
Саламатсыңбы, урматтуу окурман! Милицияда иштөө үчүн негизги талаптар төмөндөгүдөй:
- жогорку билим;
- 35 жашка чейинки курак;
- өзү жана жакын туугандары соттолбогон болушу керек;
- эркектердин бою 170 сантиметрден, аялдардыкы 168 сантиметрден кыска болбошу шарт;
Кененирээк маалыматты: 0312 26-60-82 телефон аркылуу же mvd.gov.kg сайтынан ала аласыз.
Андан тышкары учурда туристтик милицияга эл ичинен кызматкерлер алынып жатат. Бул тууралуу кошумча маалыматты:
66-16-63; 48-62-72 телефондорунан сурап алсаңар болот.
Ийгилик!