// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Орто билимдүүлөр мугалим боло алабы?

Саламатсызбы! Менде орто билим алгандыгым тууралуу документ бар. Ошондой эле, англис жана түрк тили курстарын окуп, сертификат, диплом алгам. Орто билимим жана сертификат, дипломдорум менен мектепке жумушка кирсем болобу? Мектепке жумушка кирүү үчүн кандай документтер керек?

Эксперттин жообу
12.12.2018, 13:50

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы

Саламатсызбы! Орто билим менен мугалим болуу мүмкүн эмес. Мектепке жумушка орношуу үчүн негизги документтер тизмесин айта кетсек:

  • Педагогикалык багытта билим алгындыгын тастыктаган диплом;
  • Жумушка кабыл алуу боюнча арыз;
  • Эмгек китепчеси. 

Эсиңизде болсун, мектепке жумушка кабыл алуу үчүн акча берилбейт!

0
Пайдалуу жооп
18.12.2018, 17:52

Мугалим болуу оной эмес

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт