// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кайын эненин баланы талашканга укугу барбы?

Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз эки айрым жолго түштүк. Жолдошум баламды талашпайт, бирок кайын энем талашат. Кайын энемдин баламды талашканга укугу барбы? Дарегимди билсе баламды алып коебу деп корком. Эмне кылам? Кимге кайрылам? Канткенде кайын энем жашоомо кийлигишпейт? Рахмат! 

Эксперттин жообу
12.12.2018, 13:48

Нурлан Манапбеков

Юрист

Урматтуу айым, бала атага жана энеге гана таандык. Бул туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө тастыкталган. 

Кайын эне баланы төмөнкү учурларда сот аркылуу өзүнө ала алат:

  • Ата-энелик укуктан ажыратылса;
  • Кайгуул учурунда (каза болуп калса, ичип же наркоман болуп кетсе). 

Ал эми эл ичиндеги "алып коём, же берип коём" деген сөздөр, мыйзам боюнча кылмыш ишине чейин барат.

Мыйзамга ылайык балага ата-энесинин уруксаты жок эч ким эч нерсе кыла албайт. 

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
12.12.2018, 13:54

Гүлбарчын Жумабаева

Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Айым, кайын энеңиздин баланы талашканга укугу жок. Баланын мыйзамдуу өкүлү - бул анын ата-энеси. Эгер кандайдыр бир себептер менен ата-энеси жок болсо, чоң ата, чоң эне, же таене, таятасы мыйзамдуу өкүл катары баланын кызыкчылыгын коргой алышат.

Учурдагы кырдаалда сиз барсыз, баланы сизден эч ким талаша албайт. Мыйзамда эненин укугу көбүрөөк. Коркпоңуз! Кайын энеңиз тынчыңызды ала турган болсо,  өзүңүз жашаган аймактык милиция бөлүмүнө кайрылыңыз. Милиция мыйзамга жараша чара көрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт