// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Автоэлектрик болуш үчүн кайсы сабакты жакшы окуш керек?

Саламатсызбы! 18 жаштамын. Автоэлектрик болгум келет. Контрагы канча болот? Кайсы сабакты жакшы окушум керек? Рахмат!

 

Эксперттин жообу
11.12.2018, 11:45

№3 кесиптик лицейдин кабылдамасы

Окурман, биздин №3 кесипттик лицей автоэлектрик кесибин кыска жана узак мөөнөттө окутат. Бул кесиптин ээси болуу үчүн физика сабагын жакшы окушуң керек. 

  • Төрт айлык кыска мөөнөттөгү окуу 15-январда башталат. Окуу акысы 7100 сом. Документтерди азыр тапшыра берсең болот.
  • Он айлык узак мөөнөттөгү окууга кабыл алуу жайында башталат. Окуу акысы 14 000 сом. 

Керектелүүчү документтер:

- Билим алгандыгы тууралуу документ (аттестат же билим алгандыгы тууралуу күбөлүк);

- №086 формасындагы медициналык маалым кат;

- паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- 3х4 сүрөттөн 6 даана. 

Байланыш телефону: 0 (312) 62-49-12

Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт