Мурдума пластикалык операция жасатсамбы деп жатам. Бирок дин буга уруксат береби?
Мурдум бат-баттан майланыша берет. Эмне кылсам болот? Кимге кайрылам?
// //
Мурдума пластикалык операция жасатсамбы деп жатам. Бирок дин буга уруксат береби?
Мурдум бат-баттан майланыша берет. Эмне кылсам болот? Кимге кайрылам?
Бактияр Токтогазы уулу
КМДБнын фатва бөлүм адиси
Окурман, мурдуңуз кудай жараткан кадимки мурун болсо, аны өзгөртүп операция жасаганга болбойт. Мисалы, жалпак болсо кырдач кылуунун кереги жок.
Эгерде тубаса кандайдыр бир мүчүлүштүктөр бар болсо, ага операция жасаганга болот. Ошондой эле кандайдыр бир себептер менен сынып же жабыркаса пластикалык операцияга уруксат.
Надира Бейшеева
Косметолог
Урматтуу окурман, майланышкан мурдуңузга кантип кам көрөсүз? Эгер майлуу мурунду кургатууга аракет кылган болсоңуз жаңылышасыз. Эсиңизде болсун майлуу терини кургатууга аракет кылган сайын майланыша берет.
Сиз тоник жана нымдандыруучу бет майды колдонуңуз. Азыктандыруучу бет майды эч качан колдонбоңуз. Мага кайрылсаңыз бетке туура кам көрүүгө көмөктөшөм. Ийгилик сизге!