Учурда бир кызым бар. Он жыл мурун жатындан тышкары боюма бүткөн. Ошондон бери төрөй элекмин. Төрөсөм болобу?
// //
Учурда бир кызым бар. Он жыл мурун жатындан тышкары боюма бүткөн. Ошондон бери төрөй элекмин. Төрөсөм болобу?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, он жылдан бери балалуу болууга аракет кылдыңызбы же сактанып жүрдүңүзбү? Сактанып жүргөн болсоңуз кош бойлуулукту пландоону баштаңыз.
Эгерде түйүлдүктүн жатындан тышкары бүтүүсүнөн кийин аракет кылып, бирок кош бойлуу болбой жаткан болсоңуз гинекологдун консультациясына кайрылыңыз.
Анализдерди тапшырсаңыз себебин аныктап, дарыланууну сунуштайт. Убакытты өткөрбөй тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Үмүтүңүздү үзбөңүз, балалуу болсо болот.