Жигитим экөөбүздүн кан группабыз бир. Кийин балалуу боло алабызбы?
// //
Жигитим экөөбүздүн кан группабыз бир. Кийин балалуу боло алабызбы?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, адам баласында кандын 4 группасы жана резус фактору бар. Эгерде кан группасы менен резус фактор терс болсо, келечектеги баланын аман-эсен төрөлүшүнө кепилдик бар. Түйүлдүк жаралаганда ата менен эненин каны аралашып баланын каны пайда болот. Кандын группасы көбүнчө энесиникине окшошот.
Экөөнүн тең канында резус фактор терс болсо көйгөй жок. Эгерде кыздыкы терс, баланыкы оң болсо, түйүлдүк менен эненин кан резусунда көйгөй болушу мүмкүн.
Резустары туура келбесе үй-бүлөнү пландаштырууга чейин адистен кеңеш алуу зарыл.
Ден-соолук каалайм!