Бетиме, моюунума түктөр өсө берет, анан дагы сакал өсөт. Мага абдан жаман сезилет, кантип өстүрбөй коё турсам болот?
// //
Бетиме, моюунума түктөр өсө берет, анан дагы сакал өсөт. Мага абдан жаман сезилет, кантип өстүрбөй коё турсам болот?
Надира Бейшеева
косметолог
Түктүн көп өскөнүнүн себеби гормондук өзгөрүүлөрдөн болушу ыктымал. Андан арылуунун жолдору көп десек дагы болот. Мисалы: эпиляция деп атайын аппараттын жардамы менен түктү тамырына чейин жок кылып, өстүртпөй коюу. Мунун түрлөрү бар фотоэпиляция, лазердик эпиляция жана электроэпиляция. Мындан сырткары депиляция деген бар. Мында ар кандай табигый каражаттардын жардамы менен теринин үстүнкү катмарындагы түктөрдөн арылуу. Депиляцияны шекердин жана момдун (воск) жардамы менен жасоого болот. Дагы бир кеңешим эндокринологго кайрылып коюуу. Ал сизди текшерүү менен түктүү болуунун себептерин айтып берет.