16 жаштамын. Жигитим 23 жашта. Бир жылдан кийин үйлөнөлү деген планыбыз бар. Бирок ата-энем каршы. Апам, "жашсың, турмушту түшүнө элексиң, балаңа кандай тарбия бересиң?!", - деп урушат. Эгерде кыз эрте курагында эне болсо балага тарбия бере албайбы?
// //

Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Кымбаттуум! Турмушка эрте чыксаң, ɵзүңɵ да, болочокто тɵрɵлɵ турган балаңа да чоң зыян келтирген болосуң. Себеби, сен азыр баласың, медициналык жана психологиялык жактан алып караганда турмуш курууга даяр эмессиң.
Күйөөгө чыксаң макамың «келин» деп ɵзгɵрɵт. Баягы ата-энесинин үйүндɵгү эрке кыз жоголот, бир эле күйɵɵңɵ эмес, анын үй-бүлɵсүнɵ да кызмат кылышың керек. Ал эми, организмиң биологиялык жактан мындай жүктү кɵтɵрɵ албайт, кыйналасың.
Убакыттын өтүшү менен уруш-талаштар башталат, үй-бүлɵлүк зомбулук - уруп - согуу келип чыгат. Тɵрɵшүң керек болот, ɵзүң бала туруп балалуу болуп каласың. Анан балага кандай тарбия бересиң? Эне бактылуу болсо, бала да бактылуу болот.
Билимиң жок, маянысы аз жумуштарда иштɵɵ керек болот. Күйɵɵңө дайыма кɵз каранды болуп, жүдɵп, ыйлап турсаң, сени кɵргɵн балаңдын психологиясы кандай болот?! Андыктан жогорку билим алып, ɵзүңдү ар тараптан ɵнүктүр! Ошондо гана келечекте бактылуу балдарды тарбиялай аласың.