Геморройду кантип айыктырсам болот? Ооруй берип тажап кеттим. Шам койсоң убактылуу эле ооруну басат экен.
// //
Геморройду кантип айыктырсам болот? Ооруй берип тажап кеттим. Шам койсоң убактылуу эле ооруну басат экен.
Гульмира Асанбекова
Проктолог
Окурман, геморройдун 4 баскычы бар. Ар бир баскычында операция жасатса же операциясыз эле дары-дармек, аппараттык метод менен дарыласа болот.
Сизди текшербей туруп, кайсы баскычы экенин аныктоо кыйын.
Геморрой үчүн атайын шамдар, маздар бар. Бирок, дарыгердин көзөмөлү менен баскычын аныктап анан дарылоо курсун аласыз.
Өз алдынча ар нерсе кыла бербеңиз. Ден-соолугуңузга кам көрүп, тезирээк проктологго кайрылыңыз. Убагында дарылабасаңыз, өрчүтүп аласыз. Ден-соолукта болуңуз!