Мен 16 жаштамын. Мурдума пирсинг тактырайын десем, апам каршы болууда. Пирсингдин зыяны жокпу?
Мен 16 жаштамын. Мурдума пирсинг тактырайын десем, апам каршы болууда. Пирсингдин зыяны жокпу?
Зали
лор дарыгери
Пирсингди төмөнкү учурларда тагууга тыюу салынган.
- 18 жашка чейинкилерге.
- Өнөкөт оорулар менен ооруса.
- Температурасы жогоруларга.
- Кан айлануусу начарларга.
- Лидокаиндик препараттарга жана металлга аллергиясы барларга.
- Канда алкогол жана баңги болсо.
Келечекте 18 жашка чыгып, пирсинг тактырып калсаңыз буларды эске алыңыз:
- Пирсингди кармаардан жана ага дары-дармек сүйкөөрдөн мурун колуңузду тазалап жууңуз.
- Жаңы тагылган пирсингге тийбеңиз.
- Спорт зал, баня, душ жана бассейн менен жылуу ваннаны колдонбой туруңуз.
- Кулагыңызга же бетиңизге пирсинг тактырсаңыз, айыкканча чачыңызды чогултуп жүрүңүз.
- Пирсинг тактырган жер бат сакайып кетиши үчүн йод, спирт, антибиотикалык маздарды колдонбоңуз. Алар жараны ырбатып жибериши мүмкүн.
- Пирсинг тактырган жериңиз толугу менен калыбына келгиче синтетикалык эмес, кездеме кийимдерди кийиңиз.