// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Биздин климатка кайсы сорттогу алма жакшы? Эксперт жооп берет

Саламатсызбы, Сокулуктагы 1.5 Га жериме алма тигейин дегем. Биздин климатка кайсы сорттогу алма жакшы? Кандай шарттарды түзүш керек?

Эксперттин жообу
30.11.2018, 16:44

Дмитрий Ветошкин

"Арча" демилгелер фондунун директору, эколог

Тилекке каршы, бул күздө бактарды тигүү мезгили аяктады. Себеби, күзүндө көчөттөрдү тигүү иш чаралары түнкү температура +10 болуп турганга чейин жүргүзүлөт. Андан кеч калганда, жер муздак болуп көчөттөр тамыр алганга жетишпейт.

Сорту боюнча айта турган болсом, алма бактар ашкана жана экспорттолуучу сорттор болуп экиге бөлүнөт. Ашкана сорттору аябай даамдуу, аны бактан үзүп алып эле жесең сонун. Ал эми экспорттолуучу сорттор узак убакытка чейин сырткы келбетин сактап, транспорттоого чыдамкай болот. Сокулук районунда алманын көпчүлүк сорттору өсүм, жакшы түшүм беришет. 

Сиз чоң аянтка бак тигем деп жатасыз, демек бизнес максатында. Кыргызстандагы мөмө жемиш чарбалардын 50 пайызы, адситер менен кеңешпей туруп, кошунасын көрүп, бир жерден угуп, же тааныштардан алып көчөттөрдү тигишет. Ошонун айынан көптөгөн чыгашаларга учурашат.

Азыркы учурда бизде мөмө жемиштерди тигүү боюнча бир топ тажрыйба топтолгон. Айыл чарба министрлигине, Токой чарба ассоциациясына, Бакча тигүү ассоциациясына кеңеш сурап кайрылсаңыз, эксперттер сизге жардам беришет. 

Сизге бере турган кеңешим, күздө көчөт тиккенге шашылбай кышы менен ойлонуп, адистер, экологдор менен кеңешип, даярданып, анан жазында иш баштагыла. Бардыгы орду менен жасалса, 5-6 жылдан кийин түшүм аласыз.  

Бакча тигүү бул узак мөөнөттөгү инвестиция. Сиздин бүгүнкү күндөгү мээнетиңиздин үзүрүн бир нече муун көрөт. Ошондуктан бул процесске өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылган оң. 

Иш илгери болсун!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт