Мен 17демин. Жыныстык мүчөм кичине. Эмне кылсам болот?
// //
Мен 17демин. Жыныстык мүчөм кичине. Эмне кылсам болот?
Абдырасулов Азизбек
Уролог
17 жашта жыныстык мүчө так мынча өлчөмдө болуусу керек деген нерсе жок. Мүчөнүн ар кандай түзүлүштөрү болот. Туубаса аномалия, бекилген жыныстык мүчө сыяктуу түрлөрү дагы көп. Кээде нормалдуу эле өрчүп келе жатып, териси бир капталга жабышып же байламталары кыскарак болуп калат. Ошондуктан сизди көрмөйүн бир нерсе деп айта албайбыз. Текшерүүдөн өтүп, түрү аныкталгандан кийин гана коррекциялык операцияларды жасап, калыбына келтирсе болот.