Турмушка чыкпай, окугум келип жаткандыгын ата-энеме түшүндүрө албай жатам. Өлүп алам деп же үйдөн качып кетип коркутсамбы? Же аларга кантир туура түшүндүрөм?
// //
Турмушка чыкпай, окугум келип жаткандыгын ата-энеме түшүндүрө албай жатам. Өлүп алам деп же үйдөн качып кетип коркутсамбы? Же аларга кантир туура түшүндүрөм?
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, эч кандай өзүн-өзү өлтүрүүнүн же качып кетүүнүн кереги жок. Бул ойдон алыс бол.
Ата-энең турмушка чыгууга мажбурлап жатса, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренеси менен 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышаарын, молдонун нике кыйбаарын айтып түшүндүр. Жогорку билим алып, ийгилик жаратууну кааларыңды айт. Сага ийгилик!