// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Каза болоордо адам топурак жыттанып калабы?

1. 16 жаштамын. Адам топурак жыттанып калса, өмүрү бүтөйүн деп калган болобу? Бирөө айтты мен топурак жыттанат экенмин. 

3. "Халал, мусулманские" деген колбасаларды жесе болобу? Адал экенин кантип билебиз? 

3. Эгерде жакын адамымдын өмүрү коркунучта болсо, мен ага донор болсом болобу? Буга ислам дини кандай карайт? 

Эксперттин жообу
26.11.2018, 12:13

Бактиря Токтогазы уулу

КМДБнын фатва бөлүм адиси

1. Окурман, адамдын топурак жыттануусу анын өмүрүнө эч тиешеси жок. Так эмес айтылган сөзгө капа болбо. 

2. Урматтуу окурман, азыктын адал экенин, адалдыгын тастыктаган сертификатынан билсеңиз болот. Азык-түлүк алып жатканда сертификатын сурап, адалдыгын тактап алууга укугуңуз бар. 

3. Суроо берүүчү, донор маселесинде адам эмнеси менен донор болгусу келээри маанилүү. Эгер донор болчу адамдын ден-соолугуна зыян болбосо, донор болсо болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт