Бир ай мурун төрөгөм. Тилекке каршы балам чарчап калды. Дарыгерлер "spina bifida" диагнозун коюп, 6 ай сактангыла деди. Сактанбай кайрадан кош бойлуу болсом болобу?
Алдын ала рахмат!
// //
Бир ай мурун төрөгөм. Тилекке каршы балам чарчап калды. Дарыгерлер "spina bifida" диагнозун коюп, 6 ай сактангыла деди. Сактанбай кайрадан кош бойлуу болсом болобу?
Алдын ала рахмат!
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, балаңыздын туубаса кемтик болуп төрөлүшү кайгылуу. Сиз балалуу болууга шашпай, алты айдан ашык сактаныңыз. Жолдошуңуз менен бирге балага зыян келтирүүчү инфекцияларга каршы дарыланыңыз.
Кыргызда "сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп уурттайт" деген сөз бар. Экинчи ирет кайталынбаш үчүн дарыгердин айтканын аткарыңыз. Тогуз ай баланы көтөрүп дени сак наристени жарык дүйнөгө алып келген сизден көз каранды. Ден-соолукта болуңуз!