Саламатсызбы! Мен 25 жаштамын, жогорку билимим бар, юридикалык факультеттин бажы бөлүмүн бүтүргөм. 1 айлык кызмат өтөөдөн кийин бардык органдарга иштей аламбы? Чин көтөрүлөбү?
// //
Саламатсызбы! Мен 25 жаштамын, жогорку билимим бар, юридикалык факультеттин бажы бөлүмүн бүтүргөм. 1 айлык кызмат өтөөдөн кийин бардык органдарга иштей аламбы? Чин көтөрүлөбү?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатсызбы урматту окурман! Сиздин жогорку билимиңиз болсо 1 айлык кызмат өтөөдөн кийин ИИМде жана Бажы кызматында прапорщик же сержант болуп иштей аласыз.
Ал эми офицер болом десеңиз 1 жыл аскерге кызмат өтөөгө тийишсиз. 11 ай кызмат өтөгөндөн кийин, акыркы бир ай калганда жогорку билими барлар 1 айлык атайын офицердик курстан өтүп офицердик наам алышат. Ийгилик каалайм!