// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

"Төрөбөйт" деп төркүнүмө жеткирип беришти

Турмушка чыккам. Аз убакытта кош бойлуу боло албаганым үчүн төркүнүмө жеткирип беришти. Баары мени күнөөлөйт. Эми кантип турмушка чыгам?  Кайра кайталанбаш үчүн эмне кылсам болот? 

Эксперттин жообу
23.11.2018, 14:50

Гүлбарчын Жумабаева 

Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, дароо боюңузда болбой калгандына сиз күнөөлүү эмессиз. Өзүңүздү айыптуу сезүүнүн кереги жок.

Тескеринче, сиздин ден-соолугуңуздун абалына кызыкпаган, бир дагы жолу дарыгерге алып барбаган жолдошуңуз, ата-эне, туугандарыңыз күнөөлү.

"Дени сак эне - дени сак бала, дени сак улут" дейт. Келин келген соң дароо төрөшү керек деген эски стереотиптик көз караш.

Тилекке каршы, кыздын ден-соолугуна ата-энеси, кайын-журту терең көңүл бурбайт. Бул кайдыгерчилик энелердин, ымыркайлардын өлүмүнүн өсүшүнө алып келүүдө. Кош көңүл мамиленин натыйжасынан, бүгүнкү күндө Кыргызстан Евразия мамлекеттеринин ичинен биринчи орунда турат. 

Демек, сиз эч кимдин алдында айыптуу эмессиз. Сизде дарыгерге кенен текшерилүүгө, дарыланып, ден-соолук камын көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андан соң, өз бактыңызды табаарыңызга ишенем. Бактылуу болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт