25 жаштамын. Өзүмдүн арыктыгымдан уялып эл кийген кийимди кие албайм. Ар дайым кенен, шалбыраган кийим кийип жүрөм. Сүйлөшкөн жигиттер да арыктыгымды көрүп, бат эле мамилени үзүп кетет. Кантип семире алам?
// //

Гульнара Абдрахманова
Диетолог
Урматтуу окурман, боюңуз канча сантиметр, салмагыңыз канча килограмм? Мурун кандай салмакта элеңиз, ата-энеңиз кандай адамдар, алар толукпу же арыкпы?
Генетиканы эске алууну унутпаңыз. Мүмкүн ата-энеңизди тартып калгандырсыз.
Салмагыңыздын азайып кетишине лямблиоз, эхинококоз же ашказан оорулары таасир берип жаткандыр. Ошондуктан диетологго же эндокринологго анализдерди тапшырып, жыйынтыгы нормалдуу чыкса гана салмак кошууну баштаңыз.
Спорт менен машыгып, балансталган тамактануу режимине өтүңүз. Жыйынтыгы тез эле болуп калат деп ойлобоңуз. Чыдамкайлык керек боло. Анаболикалык стероиддерди дарыгердин көзөмөлү менен гана колдонууга болот. Бирок бул заттар абдан зыян, адамдын психикасына доо кетирип, тукумсуздукка, ракка алып келет. Бул жагын дагы эске алыңыз.
Арыктыгыңыз жигиттер менен болгон мамилеңизге эч кандай таасирин тийгизбеши ыктымал. Башка маселелер болушу мүмкүн, ойлонуп көрүңүз.
Ийгилик каалайм!