Жолдошум иштешимди каалабайт. Балдарды карап, үйдө олтурушумду талап кылат. Ага кантип түшүндүрөм?
// //
Жолдошум иштешимди каалабайт. Балдарды карап, үйдө олтурушумду талап кылат. Ага кантип түшүндүрөм?
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт
Окурман, жолдошуңузга иштеп, ар тараптан өсүшүңүз керектигин айтыңыз. Анча-мынча тыйын таап, элге аралашып жүрсөңүз, үй-бүлөнүн материалдык абалына, маанайыңызга жакшы таасир тийгизе тургандыгын түшүндүрүңүз.
Эненин көңүлү куунак болсо, өзүн бактылуу сезип турса, балдары дагы бактылуу болот.
Аял иштебей үйдө олтурса, өзүн карабай калат. Өзүн карабаган аялга күйөөсүнүн көңүлү солгундайт. Эркек көчөдөгү боёнуп, таранып жүргөндөргө көңүл бура баштайт. Бул үй-бүлөдөгү чыр-чатактын, ишенбестиктин көп болушуна алып барат.
Жубайлардын экөөсү тең иштеп, ортодо ишенич, бири-бирин түшүнүү, сыйлоо болгондо гана үй-бүлө бекем болуп, өзүнө ишенген бактылуу балдарды тарбиялай алат.
Сизге ийгилик!