Алты жаштагы балам бар. Боюмда болбой жатат. Жолдошум экөөбүз гормондордон башка анализдин баарын тапшырдык. Эми эмне кылсак болот?
// //
Алты жаштагы балам бар. Боюмда болбой жатат. Жолдошум экөөбүз гормондордон башка анализдин баарын тапшырдык. Эми эмне кылсак болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, сага толук кеңеш берүү үчүн анализ жыйынтыктарын көрүп чыгуу керек. Гормондор негизги анализ, аны дагы тапшыр. Андан соң дарыгер анык себебин айтып бере алат.
Кубандырганы, жолдошуң акылдуулук кылып, сени менен бирге дарыгерлерден кеңеш алып жатканы. Кошумча психологдун консультациясын дагы алгыла.
Эч качан үмүтүңдү үзбө!