Акыркы алты жылдан бери ата-энемдин иштери жүрүшпөй, жоктун айынан көп урушуп, эки-үч жыл ажырашып, чогуу жашабай да жүрүштү. Үй-бүлөдө эки кыз болчубуз, эки жыл мурун, апам менен атам кайра табышып, апам уул төрөдү. Мен тогузунчу классты бүтүп, окуган жокмун. Ата-энемдин кыйналганын көрүп жардам бергим келди. Так бир жыл тигүүчү болуп иштедим.
Тапкан акчам атамдын айлыгынан көбүрөөк болчу. Апам үйдө бала карап, сиңдим мектепте окуп, атам таң аткандан түшкө чейин жумушта болуп, түштөн кийин үйдө уктайт. Мен башка шаарда иштеп жүрдүм. Бирок бир жылдан кийин мени апам чакыртып, "жаныбызда эле болгонуң жакшы, иштебей эле кой, бул жактан деле эптейбиз" деп, базарга чыгып алды. Мен келгенде, атам иштебей эле үйдө жаткан экен. Азыр апам менен базарда иштеп, жардам берип жүрөм. Атам үйдө бала карайт, беш убак намаз окуган адам болуп, ар намазын мечитте окуйт. Мен ал убакта үйгө келип, бөбөгүмдү карап турам. Сиңдим таенемдин үйүндө жашайт. Атамдын жумуш караштырып, иштейин деген ою да жок. Базарда соода кээде болуп калат, кээде болбойт экен, тапкан акчанын 20% гана пайда.
Мектепте ар дайым биринчи болуп, алдыңкы окуучу элем. Аябай окугум келет. Окубай калдым, жок дегенде курстарга жазылып, тил үйрөнөйүн десем, ата-энем каршы болуп, каражатыбыз жок деп коюшту. Мектептеги мугалимдерим, классташтарым "Сен кайсыл жерде окуп жатасын? Эмне үчүн бизден кетип калдың?" деген суроону көп беришет, мен абдан намыстанам. Жаңы тааныш пайда болсо да, канча жаштамын, кайсыл жерде окуганым кызык болот экен. Эмне деп жооп береримди да билбейм. Кыйналып кеттим. Эмне кылсам болот?