19 жаштамын. Акыркы күндөрү көп заара кылчу болдум. Эмнеге? Эмне кылсам болот?
// //
19 жаштамын. Акыркы күндөрү көп заара кылчу болдум. Эмнеге? Эмне кылсам болот?
Нурлан Эгетаев
Уролог
Окурман, сенде табарсык же простата сезгенүүсү болушу мүмкүн.
Простата сезгенүүсүнө ар түрдүү микробдор, жоон ичегинин, заара түтүгүнүн, табарсыктын сезгениши, нымдуу жерге отуруп суукка урунуу да себеп болот.
Алдын алуу үчүн заара чыгаруучу түтүктүн, табарсыктын сезгенүү ооруларын өз убагында дарылоо керек. Дарыгер-урологго кайрылып, УЗИге түш.
Ден-соолукта бол!