// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Аскердик билетти кандай жол менен алсам болот? Адистен жооп

Саламатсызбы! Мен аскердик билетти алуу үчүн ыйык кызмат өтөө керек экендигин билем, бирок, шартыма байланыштуу альтернативдик кызмат өтөсөм болобу? Мыйзамдуу түрдө аскердик билетти кандайча алса болот? Баасы канча? Канча убакыт керек?

Эксперттин жообу
20.11.2018, 10:26

Полковник Гүлзат Жарашева

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси

Урматтуу мекендеш!

Төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал:

— чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо;

— ата-энелеринин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо;

— ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса;

— ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат алуу, травма, контузия) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо);

— аялы жана бир баласы бар болсо;

— ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо;

— жалгыз бой эненин (атанын) жалгыз баласы болсо;

— жалгыз бой энесинин багуусунда он сегиз жашка чыга элек (болбосо он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I же II топтун майыбы болгон) бир тууганы болуп, үй-бүлөдө башка балдары жок болсо;

— ал атасынан жана энесинен ажыраган, үй-бүлөдөгү жалгыз бала болсо;

— ал аскердик кызматка жарактуу болуп, бирок чакыруу наряды аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөсө жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирсе.

Альтернативдик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.

Альтернативдик кызматты өтөөнүн мөөнөтү 18 ай.

Акчалай төгүмдүн жалпы көлөмү 25 000 сом. Сөзсүз түрдө банк аркылуу төлөнүүгө тийиш.

Тагыраак маалыматты жергиликтүү аскер бөлүмүнөн алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт