Саламатсызбы! Иним 3 жашта. Бир жумурткасы бирде бар, бирде жок болуп калат. Эмне себептен мындай? Эмне кылсак болот?
// //
Саламатсызбы! Иним 3 жашта. Бир жумурткасы бирде бар, бирде жок болуп калат. Эмне себептен мындай? Эмне кылсак болот?
Нурлан Эгетаев
Уролог
Окурман, иниң "крипторхизм" менен жабыркашы мүмкүн.
Крипторхизм – жумуртканын урук калтада болбой калышы. Аял кош бойлуу кезинде инфекцияларды жугузуп алгандан улам пайда болот. Өз убагында дарыланбаса, жумурткага доо кетип, кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн.
Крипторхизм төрөлгөн бала менен кошо пайда болгондуктан диагноз коюу кыйынчылык жаратпайт. Дарыгерге эртерээк кайрылсаңар, дарылоо оңой болот.
Иниңе ден-соолук каалайм!