Жолдошум экөөбүз жарандык никеде жашачубуз. Аябай кызганчаак болчу. Боюмда болгондо "бала меники эмес",- деп кетип калган. Кыздуу болдум. Азыр алимент өндүрсөмбү деп жатам. Кантип аталыгын мойнуна алдырсам?
// //

Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу айым, сотко аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз менен кайрылууңуз керек.
КРнын Үй-бүлө кодексинин 51-беренесинин, 4-бөлүмүнө ылайык аталыкты аныктоонун эки жолу бар.
1. Жарандык күйөөңүз макул болсо, жарандык абалдын актыларын жазуу органына (ЗАГС) биргелешип арыз жазуу аркылуу;
2. Жарандык күйөөңүз макул болбогон учурда соттун чечими менен аныкталат.