Эмне үчүн тил агарып калат? Кантип кетирсе болот?
// //
Эмне үчүн тил агарып калат? Кантип кетирсе болот?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Окурман, ичеги-карындын сезгенишинен жана ооздогу бактериянын көбөйүшүнөн тилде өңөр (налёт) пайда болот.
Ичиң көпсө, катыса, өтсө, зарына болсоң, кекирсең, шилкейиң ачуу болсо, оозуң кургаса же оозуңдан жагымсыз жыт чыкса дарыгерге кайрыл. Ал УЗИ, рентген, гостроскопия жасап, диагноз коёт.
Ден-соолук каалайм!