Карлыгаш Акимкулова, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун психотерапевти.
Урматтуу окурман, сиздин кыйналып турганыңызды жакшы түшүнүп турам. Үй бүлөңүз бузулуп, жаш болсоңуз да сиздин моюнуңузга чоң кишиникиндей жоопкерчилик жүктөлдү. Апаңыз кайгысын жалгыз жеңе албай турган чак, ал колдоого муктаж. Сиз үчүн бул чоң жүк. Бул кырдаалда өзүңүздү чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү киши катары алып жүргөнүңүз мактоого татыктуу.
Биринчиден, болгон окуяда ким күнөлүү деп издештин зарылчылыгы жок. Уул төрөбөй койгон үчүн кетип калды деп жатасыз, бирок, бул негизги себеп болбосо керек. Алардын ортосундагы жылуу мамиле, ортодогу түшүнүшүү жок болуп калган окшойт. Бул жерде эч кимиси күнөлүү эмес. Кээде адамдар табышат, кээде ажырашат. Бул атаңыздын чечими, демек апаңыз бул чечимди кабыл алып андан ары өз жашоосун уланта бериши зарыл.
Экинчиден, сиз өз алдынча апаңызга жардам бере албайсыз. Апаңыз жакындарынын, туугандарынын, курбуларынын колдоосуна муктаж. Бирөө жарым менен сүйлөшүп, кеңешип, ыйлап, бугун чыгарып алса жакшы болмок. Ал эми сиз али баласыз. Сиз ата-энеңиздин мамилесине кийлигише албайсыз. Психолог же психотерапевтке кайрылыңыз деп кеңеш берип көрүңүз.
Апаңыз азыр алынан тайып турган чагы. Бул чоң стресстен улам болуп жатат. Туугандарыңыздан жана эжелериңизден жардам сураңыз. Бирөөдөн жардам сураган уят эмес. Сиздин жол таап кетээриңизге ишенем. Бирок, окууңузду таштабаңыз. Сиз көздөгөн максатыңызга жетип, ийгилик жаратканыңыз апаңызга күч-кубат берет.