// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Тырмагымды жей берем эч нерсе болбойбу?

кабатырлансам эле тырмактарымды тиштегилеп жей баштайм, ушул адаттан кантип арылса болот?

 

 

Эксперттин жообу
17.01.2018, 14:20

Владимир Манаковский

невролог

 

Тырмакты тиштөө - медицинада онихофагия дарты деп аталат. Бул адат бир нерсеге өтө катуу кабатырланганда, санааркаганда, стресстен, зериккенден улам пайда болуп, кээде тукум кууйт. Ичте болуп жаткан чыңалууну азайтуу максатында тырмактарын жей баштайт. Тырмакты тиштөө атайылап эмес, билбестиктен жасалат. Бара-бара көнүмүш адатка айланып, нерв ооруларынын бир түрү-обсцесивдик-компульсивдик бузулууга алып келет.

Алгач тырмакты тиштегилөө эмне себептен пайда болгондугун аныктоо керек. Келип чыккан жолун билүү менен бул адаттан толугу менен арыла аласыз. Тиштелген жерлерге инфекция кирип кетсе, коркунучтуу ооруларга жол ачылат. Кошумча нерселерди айта кетсек, тырмагыңызга кооз маникюр жасап койсоңуз тиштегиңиз келбей калат. Дарыканаларда атайын лактар, кремдер сатылат. Ошолорду колдонунуз. Алардын даамы өтө ачуу, кокустан оозго салып алса коргонуу рефлекси пайда болуп, адат ташталат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт