Толук кызмын. "Семизмин, колумдан эч нерсе келбейт, жарашыктуу кийине албайм" деп өзүмдү кемсинте берем. Майда-барат нерселерге көп ачууланам. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.
// //
Толук кызмын. "Семизмин, колумдан эч нерсе келбейт, жарашыктуу кийине албайм" деп өзүмдү кемсинте берем. Майда-барат нерселерге көп ачууланам. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.
Каныша Кожогелдиева
Психолог
Кымбаттуум, адам кандай болсо ошол калыбында сулуу. Өзүңдү "толукмун" деп басынтканың туура эмес. Муну менен күрөшпөй ушул боюнча таштап койсоң, түнт болуп калышың мүмкүн.
Досуң же жакындарың менен ичиңдеги ойлор, таарынычтар, сүйүнүчтөр тууралуу бөлүш. Чыныгы курбуң жок болсо, капа болбо. 111 номурундагы акысыз балдар ишеним телефонуна чалсаң психологдор бекер кеңеш берет.
Ийгилик каалайм!