// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Атам апамды малай дейт

17 жаштамын. 4 бир тууганмын. Эжем күйөөгө тийген, байкем 22 жашта, 2-класстагы карындашым бар. Атам апамды кечке табалайт, кээде кол көтөрөт, жок жерден уруш чыгарат. Мен бир ишти кылбай койсом да апама асылат. Кээде "сени менен жашабайм, балдар үчүн гана чыдап келатам, сен мага малайсың" дейт. Биз бир нерсе десек, "сен сүйлөбө, мен сага сүйлөгөн жокмун" деп бакырат. Атам үйдө көп болбойт. Камаз айдап Кытайга каттайт. Атамды кантип жакшы жолго салсак болот?

Эксперттин жообу
10.11.2018, 10:34

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт

Саламатсыңбы окурман! Оюңду ачык билдирип бизге кайрылганыңа, атаңдын апаңа болгон орой мамилесине кайдыгер карабаганыңа чоң рахмат!

Атаң апаңа карата дене-бойлук жана психологиялык, силерге психологиялык зомбулук жасап жатат. Мындай аракети үчүн КРнын "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү" мыйзамында жаза каралган. Атаңдай адамдардын психологиясын, жүрүм-турумун оңдоо үчүн атайын программадан өткөрүү чаралары бар.

Атаң апаңа кол салып же кемсинтип баштаган учурда 102ге чалып, абалды айтып, дарегиңди бер. Милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү келип, апаңа 3 күндүк коргоо ордерин берет, атаң менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, силерге 3 күн чалып, атаңардын аракетин сурап турат.

Эгерде атаң зомбулуктуу жүрүм-турумун токтотбосо, коргоо ордерин 30 күнгө узартат. 30 күндүн ичинде атаңды социалдык органдар милдеттүү түрдө оңдоп-түзөө программасынан өткөрөт, тактап айтканда, психологдор жана башка адистер силердин психологияңарды бузуп жатканын түшүндүрөт. 

Апаңа сөзсүз жардам бер. Себеби үйдөгү курч абал улана берсе, сенин, байкеңдин, карындашыңдын психологиясы бузулат, кийин жеке турмушуңарга терс таасирин тийгизет. Билбестиктен үй-бүлөңө, болочок балдарыңа атаңдай мамиле жасап баштайсың. Карындашың болсо, зордук-зомбулук орногон үй-бүлөдө жашап калышы мүмкүн. Булар кур сөз эмес, изилдөөлөр далилдеген.

Андыктан, үйүңөрдөгү зомбулукту токтотуу керек. Биринчи аракет кылып бизге кайрылганың үчүн чоң рахмат. 111 балдарды коргоо номуруна чалсаң, психологдор кеңеш берет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт