Мен күйөгө тие элекмин жыныстак катнашта дагы болгон эмесмин. Бирок жыныстык мүчөмдүн эринчелери чоңоюп бара жатат. Операция жолу менен алдыртым салайынбы? Эмнеге мындай болуп жатат?
// //
Мен күйөгө тие элекмин жыныстак катнашта дагы болгон эмесмин. Бирок жыныстык мүчөмдүн эринчелери чоңоюп бара жатат. Операция жолу менен алдыртым салайынбы? Эмнеге мындай болуп жатат?
Бактыгүл Абдраманова
Гинеколог
Жыныстык мүчөнүн эринчелери адреногениталдык синдромдо, тестостерон көбөйүп кеткенде чоңое баштайт. Ал үчүн сиз гормоналдык статусуңузду текшерип коюшуңуз керек. Этек кириңиз келгенден кийин 3-5 күнү тестостерон, ДГЕАС билүү үчүн бейтапканга барып, венадан гормонго кан тапшырасыз. Эгер ушул гормондор нормада болсо бир нерсе кылуунун кереги жок. Кабатыр болбоңуз, коркунучу жок. Турмушка чыкканда же балалуу болгондо тосколдук кылбайт. Операция туралуу айта кетсем, бул эринчелердин дагы өзүнүн ролу бар, ал жакта дүүлүктүрүүчү зоналар жайгашкан. Андыктан анализдериңиз жакшы чыкса, эч нерсе кылбаңыз. Гинекологго сөзсүз кайрылып, текшерүүдөн өтүп коюңуз.