Туруктуу жумушум жок. Алиментти убагында төлөй албай калам. Аялым сотко арыз жазам деп коркутат. Алиментти бөлүп берсем болобу?
// //
Туруктуу жумушум жок. Алиментти убагында төлөй албай калам. Аялым сотко арыз жазам деп коркутат. Алиментти бөлүп берсем болобу?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу мырза, алиментти ай сайын төлөө керек. Анткени ал өзүңүздүн балаңыз үчүн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 120-беренесинде: «Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, соттун чечими менен күнөөлүү адам алимент алуучуга кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан экиден бир пайыз өлчөмүндө үстөк айып төлөйт» деп көрсөтүлгөн.
Демек, алиментти убагынан кечиктирсеңиз жоопко тартыласыз.