Менин жашым 20 да, каратэге катышсамбы дегем. Кеч болуп калган жокпу?
// //
Менин жашым 20 да, каратэге катышсамбы дегем. Кеч болуп калган жокпу?
Курсанали Жусупалиев
"каратэ" боюнча машыктыруучу
“Билим алууга эч качан кеч эмес” дегендей эле спорттун дагы эрте, кечи жок. 20 жаш эң сонун курак. Каратэ- бул ден-соолук, жүрүш-туруш, адеби менен бааланат, мыкты өнөр боло турган эле иш. Эң негизгиси үзгүлтүксүз эмгекти талап кылат. Мисалы мен каратэ менен 30 жашымда машыга баштагам, 6 жылдан кийин “кара кур” алдым. Азыркы учурда кошумча жумуш катары борбордогу машыгуу залдарынын биринде машыктыруучу болуп эмгектенем.