// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

"Уят" түш көрөм

Менин жашым 18 де, кээде уят түш көрөм, гусулум дагы бузулуп калат. Бул эмненин белгиси, ата-энеге айтуу уят эмеспи?

Эксперттин жообу
16.02.2018, 11:11

Улан Усупов

теолог

Сиздин курактагы улан-кыздарга мындай түштөр кирээри бышык. Бул кыз да, уул да балакатка жетип, аял жана эркек болуп калыптанып жаткан өсүп жетилүү учурундагы жаш куракта болуучу ченемдүү көрүнүш. Гусул бузулса кайра алып алыңыз, коркунучу жок. Мындай маселе кыз балада болсо апасына, жеңесине жана эжесине башкача айтканда мындай абалды башынан өткөргөн адамга айтканы туура болот. Уялуунун кереги жок, бул кыз кишинин балакат курактан өтүп, болочок жубай, эне боло турганынан кабар берип турат. Ал эми уул бала өзү уялбай, сыр чечише ала турган улуу адамдардан сурап билип, кеңеш сурап алганы оң. Мындай абал баарынын башынан өтөт.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт