Саламатсызбы! Мен 9-классты бүтүп бухгалтерияга тапшыргам. Көбү жумуш таба албайсың дегенинен 1 жумадан кийин окуумду таштап койдум. Эми курстарга барсам, келечекте жумуш таап иштеп кете аламбы?
// //
Саламатсызбы! Мен 9-классты бүтүп бухгалтерияга тапшыргам. Көбү жумуш таба албайсың дегенинен 1 жумадан кийин окуумду таштап койдум. Эми курстарга барсам, келечекте жумуш таап иштеп кете аламбы?
Гүлмира Осмонкулова
Бухгалтер
Урматтуу окурман, бухгалтерияны бүткөндөр ар кайсы тармактан жумуш таба алат, мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Сиз уккан жаңылыш пикир. Баары өзүңүздөн көз каранды. Мен Финансылык техникумду сунуштайт элем. Окуу программасы абдан жакшы. Өзүм дагы ошол жакты бүткөм. Курстар тууралуу кабарым жок экен.
Өз алдынча изденип, кошумча 1С деген программаларды өздөштүрүп алсаңыз, суроо талап жараткан адиске айланып, маянаңыз жогору болот. Сизге ийгилик каалайм!