Cол тарабым сайышып, талып ооруй берет. Көбүнчө суук түшкөндө кармайт. Бир жыл болуп калды. Нервденби же жүрөктөнбү?
// //
Cол тарабым сайышып, талып ооруй берет. Көбүнчө суук түшкөндө кармайт. Бир жыл болуп калды. Нервденби же жүрөктөнбү?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Урматтуу окурман, тактап жазбапсыз. Менде бир топ суроо пайда болду. Сол тарап дегенде төшүңүзбү же ичиңизби? Дагы кандай учурларда пайда болот? Басып бараткандабы же оор көтөргөндөбү? Бат эле өтүп кетеби же бир нече саатка созулабы?
Сизди көрбөй туруп бир нерсе деп кеңеш бере албайм. Нерв же жүрөк оорусу болушу мүмкүн. Так диагноз коюш үчүн кармап, тыңшап, кан басымды ченеп көрүү керек. Ооруканага тезинен кайрылыңыз.