// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Эркек деп жүргөн досум кызтеке экен

Кичинебизден бери чогуу өскөн досумдун жоругу мени таң калтырды. Карапайым эле үй-бүлөнүн балдарыбыз. Жашоонун азап-тозогун жакшы эле көрдүк. 

Досум шаарга келгенде өзгөрдү. 2-курста сөйкө тагынды. Бир күнү дене мүчөсүн билгизип тыкыс шымчан келди. Ошондо катуу уруштук. Бара-бара менден алыстап кетти. Айылга барып келели десем болбойт. 

Бир жолу жатаканадан студенттер күнүн белгилеп калдык. Карасам, досум менен бир бала сыртка чыгып кетти. Баарыбыз кызып калган болчук. Урушуп кетпесин деп артынан бардым. Коридордо жок экен. Жер төлөө жакка кеткенго деп ылдый түшсөм...

Ошондо досумдун кумса (гей) экенин билдим. 

Айылга барган сайын ата-энеси сурайт. Аларга айтайын дейм, бирок, оозум барбайт.

Досумду көргөн сайын сабагым келет. Өзүмдү араң токтотом. Мындай адамдарга кандай мамиле кылуу керек?

Эксперттин жообу
18.10.2018, 16:18

Илья Комаровер

Сексолог, психотерапевт

Урматтуу мырза, бул адамдар дагы коомубуздун бир мүчөсү. Алардын биздикиндей эле укук жана милдеттери бар. Досуңуз жашоо образын активдүү пропагандалабаса көйгөй жок. Ар ким өзү каалагандай жашайт. Мыйзам чегинен чыкпаса болду. Гомсексуализмге үндөсө кеп башкада болот. Толеранттуу болуңуз. 

 

0
Пайдалуу жооп
B
Beka HS Eshenaliev
22.10.2018, 10:55

Корректное будет употреблять термин «гомосексуальность»

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт